Оценить:
 Рейтинг: 0

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси

Год написания книги
2021
1 2 3 >>
На страницу:
1 из 3
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси
Ильгиз Талип

Кулназар Ташиевич ?з? менен иштеген кадрлар алдында талапты катуу койчу, аткени менен аларга адамгерчиликт?? мамиле кылчу. С?йл?г?н с?зд?р? так, маанил??, коммунистерге жана эмгекчи элге т?ш?н?кт??, ж?рг?н-турганы башкаларга ?лг? эле. Ташиевдин ысмы, жасап кеткен иштери социалистик коомубузду активд?? куруучулардын катарына кирет, советтик мекенибизди фашистик баскынчылардан коргогон патриотторго, баатыр ж?р?к коммунистерге кошулат.Абсамат Масалиев, Кыргыз эл баатыры.

Мекендин асыл инсаны

Залкардын жылдыздуу элеси

Ильгиз Талип

Редактор Замирбек Осоров

© Ильгиз Талип, 2021

ISBN 978-5-0053-7407-3

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

Кадырман да, кайратман карыябыз Кулназар Ташиевге

Кызыл ?рт?н майдандын кечип келген,
Кыргын эмне экенин сезип келген,
Элибиздин эр ж?р?к жоокерисиз
Эрегиште же?ишке жетип келген.

Сиз иштеген бардык жер абат болгон,
М?р?й утуу сиз ?ч?н адат болгон.
Усулга бай угуттуу с?зд?р???з
Уккандарга жатталып сабак болгон.

Камын к?рб?й бир гана алкы?ыздын,
Камын к?р?п калайык-калкы?ыздын,
Ала-Тоонун акылман Бакайындай
Артканына к?б?б?з баркы?ыздын.

Эч жадабай эл ж?г?н аркалаштан,
Элге кызмат кылды?ыз чарчабастан.
Демд??-к?чт?? ж?р?с?з сексенде да
Дене?изден кудурет таркабастан.

Баш ийбе?из куракка арыба?ыз,
Баш ийсе?из, баарыбыз тарынабыз.
Бар болу?уз кайратман, кадыры чо?,
Бак-д??л?тт??, бакубат карыябыз!

Сооронбай Жусуев,
Кыргыз эл акыны.

Т?б?л?к жары Бахарниса менен. 1985-жыл.

Кулназар – Куршаб кулуну

Элде: «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын кан болорун ким билет» деп айтылат. Тарых далай тастыктаган бул чындыкка кантип шек келтир??г? болсун. Ушул жарканаттай кызыл эт баланын жылдызын Жараткан жарык кылып, бешенесине пенде суктанарлык тагдырды жазган экен. Ырас, ал тагдыр кеме беймарал жиреп бараткан к??ш?лг?н к?л болуп жаткан эмес эле. Анын ай чарпыган долу толкуну да, буркан-шаркан т?шк?н добул, бороондуу кезе?дери да, алоо чулганган апааттуу к?нд?р? да болгон. Тагдыр ага ушунун баарын баштан кечирип, кандай гана сыноолор болбосун же?ип чыгууну буюрган экен…

Анын ысымын да атасы ырымдап, «Кудай кулум деп назарынан айырбаган адам болсо экен» деп, Кулназар койгон. Кайран киши уулунун убайын к?рм?к турсун бал тилине да кумары кана элек чагында, же кулуну эки гана жашка чыкканда д?йн? салып кете берет. Анын кайриет кылганы – артында арзып к?рг?н жети перзентинен ?ч??б?: Маматалы, Мураталы жана эки жашар Кулназарынын калып жаткандыгы эле. Дагы бир ж?р?к ?й?г?н окунуч – ушул чистей наристелерди аманат таштап кетип жаткан жубайынын 32 гана жашта экени эле. Антсе да ошол оомал-т?км?л, коога-дооругу к?ч?г?н бейопа кезе?де д?йн? салып бараткан момундун к???л? кантип жай болмок?

?кт?б?р ынкылабы же?ип, ак падыша тактан кулаганы менен бийлик бир жа?сыл боло элек кез. Ал кезде элет жерине акыйкат, анан маалыматтардын жетип келиши да кыйын, андыктан ар кыл а?ыз, имиштер тарап, кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин билбей элдин башы ма?. Бир жагынан бай-манаптардын мал-м?лк?н, жерлерин тартып алып, ?зд?р?н абакка салып, же алыска айдатат экен дешсе, экинчи жагынан ошо байлык гана эмес, кедей-кембагалдардын да катын-кызы ортолукка ?т?п, т?ш?нч?-орун бир болот имиш деген сыяктуу кеп—келечтин тарашы эл арасын д??л?кт??р?п турган. Мындай кырдаалда «?рд?к жокто чулдук бий» болуп, жа?ы замандын чаламо?ол жасоолдору да чыккан. Алар б?рк ал десе, баш алып, бейк?н? бей-бечараларга зордук-зомбулук жасап киришкен.

Ошолордун бири – ?з тиричилиги менен алек болуп, к?н?н ?тк?р?п аткан Ташы да эле. Анын атасы тээ Кокон хандыгынын тушунда ордого сарбаздыкка алынып, ички-тышкы душмандарга каршы айгышкан салгылаштарга катышып ж?рг?н болот. Ошондой каардуу кармаштардын биринде анын каршылашы башын кылыч менен жара чабат. Жаны к?з?н? к?р?н?п, ?л?р?н гана санап калган сарбаз кайып – каскагынан элге таанылган дарыгер-табыптын колуна т?ш?п калат. Ал жарылган баштын т?рт жеринен алтындан кадоо салып, анан терини жамайт. Арийне, мындай операциялар азыркы медицинада гана жасалышы м?мк?н. Ал эми 19- кылымда эле чыккан менен сынганды ордуна келтир??н? мындай кой-ушундай укмуш операцияны жасоого жетишкен элдик медицинага там бербей, та? калбай коюга м?мк?нб?? ?к?н?чт??с? – кыл тамырчылык, дарыгерлик, шыпагерлик, кыргыздын зергерлик, м?н?шк?рл?к, саяпкерлик ?н?рл?р? тоталитардык системанын учурунда феодализмдин калдыктары сы?ары жерилип калгандыгы.

Ток этер жери, ошол жарадар кадимкидей катарга кошулуп, адам болуп кетет. Арийне, кадоо ?ч?н алтын кеткендигин баягы табып- дарыгерден башка жан билбесе да алпооздор ар кандай ушак-а?ыздарды таркатпай коюшпаган го кыязы. Мунун бир жоромолунда алтын жарадардын корунан зарпталгандай к?п?р с?зд?н да таралып кетиши акыры уулу Ташынын убалына кала жаздаган. Анткени, атадан калган алтынды ал катып ж?рг?нд?й шек саналып, жанагы жала?т?ш жасоолдор ошону ортого алуу максатында абакка олтургузушат. Бул гана эмес, ага ак жеринен башка да айыптар коюлган болушу ыктымал. Терг??ч?л?р ур-токмокко алып, зордук-зомбулук жасоо менен жазалоонун ырайымсыз ыкмаларын колдонушканына эки кабыргасы сынып, колунун чыгып кетиши к?б? болот.

Ошондо абак ордуна пайдаланылган жер т?л?д? т?рт адам ара? батып олтурган экен. Алардын бири табыпчылык ?н?р? бар жаран болсо керек – чыккан колду ордуна салып, калай чайнекке толтура суу куюп, ?йл?т? берет. ?пк?н?н теб??с? менен кабыргалар да жайына келет. Ошол азап-тозоктон 11 айдан со? арылып, аргасыздан Ташы ?й?н?н ж?з?н, бала-бакырасын к?р?т. Дегинкиси, ал киши да жа?ыга жан тарткан, жакшылыктан ?м?т кылган эст??-баштуу инсандардан болгон. Ушундан улам перзенттеринин кат таанып, билим алышын аябай э?сеген.

Согуштан кийи?ки жылдар. Ортодо Ташиевдин апасы.

Бирок, ал кезде жергебиздин бардык булу?-бурчундагыдай эле Куршаб ч?лк?м?н да кара?гылыктын касабасы каптап, мектеп дегенден элдин кабары жок эле. Бар болгону байыркы мунарасы, эл азан-казан т?шк?н базары менен баки-жокко дайын ?зг?нд? гана бирин-экин медиреселерде бай балдары арапча арип таанышчу. Андыктан атанын арзуусу ишке ашпас куру кыялдай ич ачыштырчу. Анткен менен жа?ынын саамалыктары айыл турмушуна желаргыдай ?лп эте с??г?п, ?м?т отун тутанта берген.

Ал эми мектеп ачылганда карапайым калк тарабынан бул орошон окуя катары кабыл алынган. Адегенде биринчи сыныфка кол арага жарап, тестиер болуп калган уландар менен чыт курсактар да кошула тартылышкан. Алардын арасында сары т?г? т?ш? элек балапандай бытыйган Кулназар да бар эле./ Мындай дегенибиздин себеби, ал кишинин баралына келгенде деле бою 160 см. дан ашкан эмес. / Ушул жерден эске т?шк?нд? болгон бир окуяны эскере кеткенди эп к?р?п турабыз: 1955-жылы Кулназар Ташиев Жалал-Абад областтык аткаруу комитетинин т?рагалыгына шайланып калат. Аны расмий ишаратка ылайык борбордук бийликтин жетекчиси эмгекчилердин областтык Советинин депутаттары жана актив менен тааныштырып, кандидатурасын сунуш кылууга тийиш болгон. Ошондогу Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Раззаков бул арбактуу кызматка Араван райондун атагын Союзга д?? кылган жана аны эмгек Баатырларынын конушунда айланткан партиялык ишмер Кулназар Ташиевди татыктуу деп эсептеп, анын кандидатурасын сунуш кылып жатабыз деп жарыялайт.

Салт боюнча сунуш кылынган инсан дамайым залда эле олтуруп, кандидатурасы жактырылгандан кийин гана президиум тарапка ?тк?н эмеспи. Бул сапар да ошол эле каада сакталып, Кулназар алды?кы катардын четинде олтурган. «Баатырдын атын алыстан ук» дегендей анын мыкты жетекчи экендиги менен кабардар болсо да ?з?н тааныбаган к?пч?л?к таназар ала бербеген. Жанагы жарыядан со? зал жа?ырта кол чапкан эл президиумга э?гезердей бир?? салабаттуу басып чыгат го деп ойлогон окшойт. Анан чыпалактай гана бою бар, гимнасттардай чапча? жигиттин алдыга атып чыкканын к?рг?нд? айран-та? калгандай зал бир саамга дымый т?ш?т. Анан трибунадан башы гана к?р?нг?нд? кайрадан аба жарган кол чабуулар жа?ырат…

Арийне, бул жыйында Ташиев областтын экономикасын, социалдык абалын жакшыртуу, эл чарбасын к?т?р?? боюнча алдыда турган милдеттер аны жоюу жолдору ж?н?нд? ?з?н?н ой-пикирин ортого салып, элдин оборун кызытып таштайт. Жыйынга келгендер бул жетекчинин туура тандалгандыгына аябай ынанып, кандидатурасын бир добуштан кубатташат. Ошондогу окуядан саал ызалана т?шк?нб?, же ж?н эле азилиби ал ?з энесине кайрылып: – Ээ жарыктык, апа, ушу мени б?б?к кезимде бешикке б?л?с???з керек. Болбосо, менин деле боюм элдикиндей эки метрге жакын ?сп?йт беле. Азыр минбарга /трибунага/ чыксам, бири к?рс?, бири к?рб?й калып жатат, – деп калат. Анда энеси: – Кагылайын каралдым, мен жараткандан сага теректей бойду эмес, тере? ойду, бак-таалайды сураганмын. Тиги улуу Ленин деле, жетекчибиз Раззаков деле орто бойлуу адамдар турбайбы. Сен деле ошолордой болсо?, бою? эмес, мартаба? к?кк? жетпейби, – деп жооп кайтарган экен. Дегинкиси Кулназар аганын энеси ?т? зээнд??, бары-жокко к?з? жеткен киши болгондугун айгинелеген далай мисалдар бар.

Баса, баяныбыздын башталышында эскергендей Кулназарга коюлган айыптардын бири – молдонун кызына ?йл?нг?нд?г? болгон экен. Ошо ыйман-ынсаптуу ?й-б?л?д?н тарбиялангандыктан ашкере мээрбан, адеп-ахлакты бийик сактаган, жан д?йн?с? бай аялзаты болгон. Ошо тагиндеги асылзадалык к?р??г?н? перзенттеринин дилине чып-чыргасын коротпой си?ир??г? дилгирленген. Анын бул асыл аракети текке кетпегендигин жана акыры акыбети кайтып, убайын к?рг?нд?г?н уулу Кулназардын парасаттуу, сыймыктуу жолу айгинелейби!

Окусак дегенде ак эткенден, так эткен эненин ?ч перзенти кузгун заардан туруп, жылытмадан шам-шум этишет да бокчолорун к?т?рг?н бойдон мектебине ж?н?ш?т. Анда ошо кездин Д?йш?нд?р? ?зд?р?нд? жетишерлик билим, же тажрыйба жоктугуна карабай жаш муундардын сабатын ачууга жан-дили менен аракет жасашкан. Андай жа?ы замандын жарчыларын – «жыла?ач баатырларды» кой терисин жамынган тап душмандары жининдей к?р?ш? турган. Алардын канчасы советтик т?з?л?шт?н активисттери менен кошо басмачылардын колунан жазаланбады, жайрабады?! Ошого карабай Октябрдин жарыгы ?лк?н?н б?т булу?-бурчуна алоо чачып, лениндик идеялар салтанат куруп жатты. Бир кезде басмачы бандаларынын чордону болгон ?зг?н ?р??н? да ал жексурлардан арылып, бейпилчилик орной баштады…

Анда элдин карды тоюнуп, ?ст? б?т?л? элек кез. Эски-ускудан жамап-к?рм?п тигилген бешмантын, чылгый чокоюн бутуна илген, эски к?рп? тебетейин баса кийген Кулназар да агаларына эрмешип, мектепке кетет. Азыркыдай парта, доска, класс деген кайда. Бул т?нд?к уюлдай суук б?лм?д? окуучулар то?уп калбасын деп улам мешке саман, гозопаядан жагып, жылытмыш болушат. Анан н??м?тт?ш?п, ш?лб?р?п суу болгон чокойлорун, чулгоолорунда кургатып алышат балдар. Ошондой бир учурда мектепти к?рг?н? республикалык де?гелдеги чо? жетекчи кайып-каскагынан келип калат. Ал «класска» кирсе, мештин т?б?нд? чулгоо, чокоюн отко кактап бир балакай олтурат.

Башкалары бараандуурак к?р?н?п, мунусунун жашы жетелектей сезилсе керек, ал киши аягандай: – Кыштын кыран чилдесинде кыйноо тарттырбай балакайды кийинки жылы эле окууга тартпайсы?арбы? – деп калат. Анда мугалим: – Жок, андай эмес, окуучуларыбыздын кенжеси болгону менен отличнигибиз ушул. Башкаларга бардык жагынан ?лг?! – дейт. Тигил жетекчи ыраазы боло Кулназардын далысынан таптап – Азаматсы?, уулум! ?лк? ишине жараган, эл ишенчин актаган чыныгы уул бол. Сенден Родина к?пт? к?т?т! – дейт да ч?нт?г?н?н пул алып чыгып, бут кийим сатып бергиле деп директорго тапшырат. Муну уккандар сага Кызыр жолукту деп да жоруп ж?р?шт?.

Бирок бул чындык эле. Аны далилдеген мындай бир факты бар. Ал «Кыргызстан пионери» газетасынын 1934-жылы чыккан сандарынын бирине жарыяланган «Эпкин?? пионер» аталыштагы кабар. Аны толук бойдон келтирели:

«Биздин толук эмес орто мектептин 7-классынын окуучусу Ташиев Кулназар бардык сабактарынан «э? жакшы», «жакшы» деген бааны алат. Коммунисттик тарбияны ?зд?шт?р?п, сезимд?? тартипти чы?айт. ?з? эпкинд?? деп саналуу менен бирге сабактан «начар» деп баа алган жолдошу Коля Пономаревту с?р??г? алып, сабактарынан «жакшы» деген баа алууга жетиштирди.

«К?пч?л?к коомдун м?лк?н жолдош Кулназар ?з м?лк?нд?й сактайт. К?пч?л?к жумуштарына ар дайым активт?? катышат.

Кочкор-Ата сельсоветиндеги толук эмес орто мектеп».

Кулназар бардык сабактарынан «э? жакшы», «жакшы» деген бааны алат.

Элде: «Болор бала богунан» деп айтылат. Мен бул кабарды Кулназар аганын келечекке сунган визиткасы катары карадым. К?рс?, ошол 30-жылдардын башталышында эле Кыргызстанга кызматы си?ч? кандай кадр дайардалып жаткандыгы ж?н?нд? ко?гуроо кагылган турбайбы. Бирок, али алдыда ал жиреп ?тч? турмуштун тунарыктаган айды?ы, чер-токойлуу чытырманы, куш канатын талдырчуу какшаалы жаткан эле да… Ошол дилинде зарде, дымагы арашандай оргуштап турган улан окууда гана эмес, ж?р?м-туруму, коомдук иштерге к?ж?рм?нд?? катышуусу менен курбу-курдаштарынын урматтоосуна татып, аларды баштаган эркечке айланган. Анын мектепти аяктары менен ЛКЖСтын Куршап райондук комитетинин пионерлер б?л?м?н?н башчылыгына дайындалышы да кокусунан эмес.

Анткени ?з? жа?ы эле ошол ч?йр?д?н ?с?п чыгып, жаш муундардын жан-д?йн?с?н, алардын кандай ой-максаттар, м?д?л?р менен жашап жаткандыгын э? жакшы билген. Баса, кезегинде мектептеги, пионер уюмундагы окуу-тарбия иштери, анда орун алган абал тууралуу Кулназар ?з? да пионер газетасына кат-кабарларды ж?н?т?п турган. Айрым терс к?р?н?шт?рд? ашкерелеген сын кабарларын ал «Тапанча», «Ч?к?д?й» деген жашыруун аттар менен жазган. Албетте, автордун ким экендигин классташтары, ат?г?л айылдаштарынын к?б? эле билишкен. Бирок, сындын адилеттеги бир??л?рд? териктиргени менен абалды о?доону к?зд?г?нд?г? менен баалу болгон.

Дегинкиси, Кулназар ага табигатынан чукугандай с?з тапкан, азил-тамашаны арашандаткан, кыргыздын элдик бай мурастарына каныккан инсан болгон. Кээде т?з айтпай каймана маанисинде кыйыткан с?зд?р?н?н маанисин а?коолор т?ш?н? бербей ?зд?р? уятка калган учурлары боло турган. Буга бир эле мисалды келтире кетели: ал партиянын Ленин райкомунун биринчи катчысы болуп турган кезде кайсы бир жылы ?т? кургакчылык болуп, ч?п деген тимеле к?зд?н учуп калат. Анын бир талын да калтырбай тоют даярдоо керек эле. Мына ушунун баарын т?ш?нд?р?п, ал чарба жетекчилеринин алдына олуттуу милдеттерди коет. С?з?н?н акырында: – Жолдоштор, тоюттун корун коомдук малга жетишт?? камдап албай эрте?… ?ч-Коргондон издеп калып ж?рб?йл?, – деп эскертет./ Арийне, бул жерде кайсы с?з т?ш?п калгандыгын жана бул лакап кайсыл окуядан улам чыккандыгын кеп баркын билген, куйма кулак азаматтар бат баамдамак/. Бирок, баягы чарба башчыларынын ичинде ала?газар, анды-д?нд? элес албаган а?к?д?кт?р да бар окшойбу. Алардын бири эртеси та?азандан райкомдун имаратына жетип келип, биринчи катчыга атып кирет да: – Аксакал, алты машина даярдап койдум, ?ч-Коргондун кайсы чарбасына барайын, – дейт.

К?лк?с?н ичине катып, ара? чыдаган катчы бул абалдан кандайча чыгып, алабарман аткаруучуну жолго кантип салгандыгына кепил ?т? албайбыз. Кептин баары-ошо оозу к?йг?н дарда?к??н?н бул окуя тууралу башкаларга жайып ийип, дагы бир жыдыгандыгында. Ага жолуккан те? аталар: – А, ортак, баланчауп, эне?изди ?ч-Коргондон тапты?ызбы, же машинелерди даярдап койду?узбу? – деп ж?р?ш?п, аябай ж?д?т?п б?т?шк?н?н азырга чейин айтып ж?р?ш?т…
1 2 3 >>
На страницу:
1 из 3